Гавайиде вулкандар атылып баштады
АКШнын Гавайи штатында кыймылдай баштаган Килауэа жанар тоосунан атырылган лаваларды көрүш үчүн же фотосүрөткө тартыш үчүн коомчулуктун кирүүсүнө тыюу салынган аймактарга кирген ондогон киши кармалды.
Гавайи аралдарынын губернатору Дэвид Иге тарабынан жарыяланган жаңы токтом менен чөгүп кетүү алкагы болгон аймактарды көрүү үчүн кирген адамдарды жазалоо буйрулган. Аларга 5 миң доллар өлчөмүндөгү салык же 1 жыл абак жазасына тартылат.
Жанар тоодогу жарылуулардын артышы жана бүркүлгөн лавалардын агымы көп болушунан улам аймактагы элди үйлөрүн таштап кетүүлөрү боюнча эскертүүлөр берилген. Калкты эвакуациялоо максатында турак жайларын таштап кетпеген жарандарды мамлекет камакка алууда.
Дүйнө жүзүнүн эң активдүү вулкандарынан Килауэа жанар тоосунда 1983-жылдан бери жарылуулар болуп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/gavajide-vulkandar-atylyp-bashtady
Добавить комментарий ×