Гарвардка окууга кетип жаткан Догоев президенттин кеңешчиси бойдон калат
Бөлүшүү:
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев жакында кызматын тапшырат. Бул тууралуу ал өзү тараткан билдирүүсүндө айтылат.
Догоев быйыл жыл башында Гарвард университетинин Мамлекеттик башкаруу институтунун магистратурасында гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүн алганын, бул маселени президент менен да, өкмөт башчы менен да макулдашканын, алардан колдоо тапканын айтты.
Ошондой эле ал «Президент Сооронбай Жээнбеков мага ишеним көрсөткөн, ошондуктан мен санарип трансформация боюнча «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча кеңешчиси бойдон кала берем» деди.
Ссылка: https://barometr.kg/garvardka-okuuga-ketip-zhatkan-dogoev-prezidenttin-keeshchisi-bojdon-kalat
Добавить комментарий ×