Футзалчы Азамат Меңдибаев профессионалдык оюнга кайра киришти
Кыргызстандык футзалчы, машыктыруучу Азамат Меңдибаев профессионалдык оюнга кайра киришти. Ал бир жылдык келишим менен Оштун “EREM” клубуна ойнойт.
Бул тууралуу аталган клубдун башкы машыктыруучусу Данияр Абдраимов barometr.kg сайтына билдирди. Азамат Меңдибаев учурда 35 жашта. Ошого карабастан тажрыйбасы мол футзалчы катары ишеничти актайт деп үмүттөнгөнүн машыктыруучу билдирет.
“Азамат мыкты оюнчу. Убагында биз аны менен Кыргызстандын улуттук курамасында чогуу ойногонбуз. Ушул сезондо ал “EREM”дин курамында ойнойт. Карьерасынын аягында анын потенциалын толук пайланаганган мүмкүнчүлүк болуп жатат”, - дейт Данияр Абдраимов.
Эске сала кетсек, 2005-2010-жылдары Азамат Меңдибаев “Азия универсал банк” (АУБ) командасында, Данияр Абдыраимов менен чогуу ойноп, бир нече жолу өлкө чемпиону болушкан.
Мындан сырткары Кыргызстандын улуттук курамасында да бирге ойношуп, көп жолу Азия биринчилигине жана бир канча эл аралык мелдештерге катышкан.
2016-жылы Ысык-Көлдүн “Мурас” командасына машыктыруучу болуп, футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын вице-чемпиону болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/futzalchy-azamat-medibaev-professionaldyk-oyunga-kajra-kirishti
Добавить комментарий ×