Футзал. КР Суперлига: Чемпион "EREM" тогузунчу турду жеңиш менен баштады
Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасынын тогузунчу турунун кезектеги беттештери өттү. Анда учурдагы чемпион Оштун "EREM" командасы Бишкектин Sun City клубун 4 – 1 эсебинде утуп алды.
Бул тууралуу "EREM"дин башкы машыктыруучусу Данияр Абдраимов barometr.kg сайтына билдирди. Ал беттештин жыйынтыгына толук канааттанганын, оюнчулар коюлган тапшырмаларды так аткарганын белгилейт.
Футзал боюнча КРнын Суперлигасынын тогузунчу турунун беттештери Бишкектин Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө. Бул турдун алкагында кечээ дагы эки беттеш орун алды. Жалпы турдун жыйынтыгы төмөнкүчө болду:
«Строй Мир» - «Баткен» - 6:5
«Алга-Дордой» - «Жаш-Муун» - 8:3
Sun City - EREM - 1:4
Бүгүн 16-февралда: саат 15:00 «Алга-Дордой» – «Баткен», саат 16:45 «Строй Мир» – EREM жана саат 18:30да Sun City – «Жаш-Муун» беттештери каралган.
Ссылка: https://barometr.kg/futzal-kr-superliga-chempion-erem-toguzunchu-turdu-zheish-menen-bashtady
Добавить комментарий ×