Футзал Азия чемпионаты: “FC EREM” корейлик Star FS Seoul'ду 3:5 эсебинде утту

9 август 2019 15:38 4233 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Таиландда футзал боюнча өтүп жаткан клубар арасында онунчу Азия чемпионатында Кыргызстандык “FC EREM” корейлик Star FS Seoul командасын 3:5 эсебинде утуп алды.

Бул тууралуу “FC EREM” клубунун өкүлү Гүлзат “barometr.kg” сайтына билдирди.

Беттештеги голдорду Максат Алимов 2, Азамат Меңдибаев, Абдурасул уулу Манас жана Салимбай Юлдашев киргизди.

Биринчи бөлүк 1:2 кыргызстандык команданын пайдасына аяктаган болчу.

Эми тайпылык акыркы турда 11-августта “FC EREM” Таиланддын Thai Port FC клубу менен кез келет.

Мурдагы күнү Оштук команда тайпалык турдун биринчи этабында кытайлык Shenzhen Nanling Tielang клубуна 3:8 ири эсепте утулуп калган.

Кыргызстандын быйылкы Суперлигасынын чемпиону "EREM" Азия чемпионатында Thai Port FC (Таиланд), Shenzhen (Кытай) жана Star FS Seoul (Корея) командалары менен “А” тайпага түшкөн.

Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен биринчи, экинчи орунду ээлеген командалар плей-офф баскычына чыгышат.

Азиянын клубдар аралык чемпионаты быйыл 7-17-авгус күндөрү Таиландда өтүүдө.

Эске сала кетсек, "EREM" бул мелдешке өткө жылы да катышып, плей-офф баскычына чыгып, Азиядагы 8 мыктынын катарына кирген.

Ссылка: https://barometr.kg/futzal-aziya-chempionaty-fc-erem-korejlik-star-fs-seouldu-35-esebinde-uttu



Добавить комментарий