Улуттук курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс толугу менен жаракатынан айыкты

18 ноябрь 2019 16:30 1176 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Улуттук курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс толугу менен жаракатынан айыкты.  Бул тууралуу Футбол Федерациясынын басма сѳз кызматы билдирди. 

Виталий Люкс  кечээ, 17-ноябрда Кантта өткөн жалпы команда менен машыгуга катышкан.

Оюнчу 9-ноябрда өткөн Өзбекстан менен болгон жолдоштук беттеште жаракат алган. Ошол себептен  Япония менен болгон беттешке чыккан эмес.

«Эртеңки 19-ноябрда Тажикстан менен болгон таймашта катышаары белгисиз»,- деди КРнын Футбол Федерациясынын басма сѳз кызматынын башчысы Наталья Угрюмова .

Ссылка: https://barometr.kg/futbol-chabuulchusunun-abaly-zhakshy



Добавить комментарий