Францияда өткөн эл аралык мелдешке катышкан Кыргызстандык балбан кыздардын бардыгы медаль жеңип кайтты

2 февраль 2019 14:24 2122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Францияда өткөн эл аралык мелдешке катышкан Кыргызстандык балбан кыздардын бардыгы медаль жеңип кайтты.

Кечээ Францияда Grand Prix de France эл аралык мелдеши жыйынтыкталып, Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы 2 алтын, 2 күмүш жана бир коло байге менен олжолуу кайтышты. Бул тууралуу "barometr.kg" сайтына Кыргызстандын Бириккен күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.

62 кило салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова финалда талаа ээси франциялык Полин Корментье айымды утуп чемпион болду. Ал эми 76 килограммдагылар арасында балбан кыздарыбыз Айперии Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова экөө финалда күрөшүп, Мээрим алтын, Айпери күмүш тагынышты.

57 кило салмакта болсо Нурайда Анаркулова финалдык беттешти уттуруп күмүш байгеге татыды. Ушул эле салмакта күч сынашкан Айбике Артыкали кызы коло байге утту. Байгазы Кенжебаев мындай ийгиликти талыкпаган эмгектин үзүрү, деп кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/franciyada-tkn-el-aralyk-meldeshke-katyshkan-kyrgyzstandyk-balban-kyzdardyn-bardygy-medal-zheip-kajtty



Добавить комментарий