Францияда Рождествону майрамдап жаткан учурда ок атылып 4 адам каза болгон

12 декабрь 2018 13:59 1198 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Франциянын Страсбург шаарында кылмышкер Рождество майрамын майрамдоого келген шаар тургундарына ок чыгарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанер: "11-декабрь күнү саат 19:50дө кылмышкер шаардын 3 жеринен ок чыгарган. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 12 адам жаракат алган", - деген маалымат тараткан. Жаракат алгандардын арасында италиялык журналист дагы болгон.

Окуя болгондон кийин кылмышкерди издөөгө жалпысынан 450 полиция кызматкери тартылган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Шериф Ш. аттуу жергиликтүү тургун колго түшкөн. Кылмышкер буга чейин "тоноочулук" жана "адам өлтүрүүгө аракет кылууга" шектелгени айтылган.

Учурда Страсбург шаарында Рождество майрамына карата өтүп жаткан жарманкелер токтотулуп, базар жабылган. Ошондой эле маданий иш-чаралар токтотулганы маалымдалган.


Ссылка: https://barometr.kg/franciyada-rozhdestvonu-majramdap-zhatkan-uchurda-ok-atylyp-4-adam-kaza-bolgon



Добавить комментарий