Фото.Теннистин тобундай чоң мөндүр жаап, дарактар тамыры менен жулунду

25 июнь 2019 08:56 2946 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көлөмү теннис тобундай болгон мөндүр Сербияда жаады. Бул тууралуу “Белград гезити” булагы кабарлады.

“Белград шаарында кечээ, 24-июнда кечинде жаап өткөн нөшөрдөн кийин бала бакчаларды суу каптап, дарактардын айрымдары тамыры менен жулунуп калды. Шаардын кээ бир бөлүктөрүн дагы эле суу каптап жатат”,-деп жазат басылма.

Дунайдын сол жээгиндеги жагдай оор. Көптөгөн бала бакчаларды суу каптап кеткендиктен жабылды.

Сербиянын баш калаасынын тургундары социалдык түйүндөргө асмандан жааган топтой муздардын-мөндүрлөрдүн сүрөттөрүн жүктөп жатышат.Теннис тобунун көлөмүндөй болгон мөндүр болуп көрбөгөндөй чыгым алып келди.

Куткаруучулар суу каптаган жерде калган 12 кишинин куткарды.Муз аралаш мөндүр 2 саатка чукул жааган.

Ссылка: https://barometr.kg/fototennistin-tobundaj-cho-mndr-zhaap-daraktar-tamyry-menen-zhulundu



Добавить комментарий