Фото. Кызыгылт кытан куштар Ысык-Көлгө кайтып келди
Фотограф ИванТурковский Ысык-Көлдө кадимки фламингонун (кытан) сүрөтүн тартып алууга үлгүргөн.Уникалдуу сүрөттөрдү сүрөтчү өзүнүн Facebook.баракчасына жарыялады.
“Эсиңиздерде барбы өткөн жылы мен Ысык-Көлгө кыштаган фламинголордун сүрөтүн тарткан элем. Быйыл да аларды көргүм келди. Кышты анча сүйбөсөм деле аларды көрүп каламбы деп сууктун түшүүсүн күттүм. Декабрь, январь айларында Ысык-Көлдү бир нече ирет айланып чыктым. Ал тургай атайын дүрбү да сатып алдым. Акыры мен аларды көрдүм”,-деп жазды Турковский.
Өткөн жылы да фотограф көлгө кыштаганы келген мындай куштардын сүрөтүн тартып алган болчу.
Эскерте кетсек кытан куштары Африкада, Чыгыш жана Борбор Азияда, Кавказда мекендейт
Сүрөттөр Иван Турковскийдин фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/fotokyzygylt-kytan-kushtar-ysyk-klg-kajtyp-keldi
Добавить комментарий ×