Фото. Инстаграмда арты ачык шым кийген мода болуп жатабы?
ASOSтун арты жок шымдары жаңы чыгарылган кезде бир кыйла ажиотаж пайда болгон эле. Эми мындай шымдар АКШда өткөн Коачелла-2019 музыкалык фестивалынын да көркүн ачты. Бул тууралуу bigpicture.ru кабарлады.
Коачелла-ачык мода тренддерин көрсөткөн музыкалык фестиваль. Аталган фестивалда чапсы-шымдар жана кыска шортыларды кийгендер эң модалуу конокторго айланды.
Быйыл Калифорнияда өткөн фестивалга жарым миллионго жакын конок чогулду.
Эми белгилүү инстаграм-блогерлер учурдун трендди болуп жаткан шымдарды кийип социалдык түйүндөрдө фестивалда түшкөн өздөрүнүн “ысык” фотолорун бөлүшүп жатышат.
Бирок көпчүлүк Инстаграм колдонуучулар бул кийимдерге нааразы болуп сын-пикирлерин жазышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/foto-instagramda-arty-achyk-shym-kijgen-moda-bolup-zhataby
Добавить комментарий ×