Финпол: "Бакыт Шаршембиевге түздөн түз козголгон кылмыш иши жок"

22 октябрь 2018 16:20 1027 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ушул жылдын 2-октябрында депутат Рыскелди Момбеков массалык маалымат каражаттарына маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы  Бакыт Шаршембиев 8 кылмыш ишинин фигуранты деп жарыялаган. Бул маалымат тууралуу финансы полициясы  коомго айтылган маалымат чындыкка туура келбейт деп билдирди. 

Маалыматта берилгендей, ЭККМКнын тергөө башкармалыгынын иш өндүрүшүндө бир катар кылмыш иштери бар, бирок алар боюнча Б. Шаршенбиев күбө статусуна гана ээ, бирок эч кандай фигурант эмес. Буга байланыштуу КРӨгө караштуу ЭККМК аталган адамга карата түздөн-түз козголгон кылмыш иши жок экендигин билдирет. 

Ссылка: https://barometr.kg/finpol-maalymattyk-tehnologiyalar-zhana-bajlanysh-mamlekettik-komitetinin-tragasy-bakyt-sharshembievge-tzdn-tz-kozgolgon-kylmysh-ishi-zhok



Добавить комментарий