Финпол: "Бирдиктүү депозиттик эсепке 3 миллион 938 831 сом которулду, учурда жалпы сумма 176 миллион 598 734 сомду түзөт"
КРнын өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 3 миллион 938 831 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу жогоруда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.
Финансы полициясынын берген маалыматына ылайык, учурда бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 176 миллион 598 734 сомду түзөт.
Добавить комментарий ×