Европада абал оор. Францияда экинчи ирет карантин киргизилип жатат
Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдөгү коронавирус эпидемиясынын кескин күч алышына байланыштуу экинчи жалпы улуттук карантин жарыялады. Экинчи карантин 30-октябрда түн ортосунан башталып, 1-декабрга чейин созулат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыккан маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Франциядагы жазгы карантинден айырмаланып, бала бакчалар жана мектептер ачык бойдон калат. Мүмкүн болсо, университеттин студенттери аралыктан окутууга өтүүгө чакырылат. Ошондой эле карылар үйлөрүндө катуу санитардык чаралар сакталат. Маанилүү муктаждыктардын тизмесине кирбеген ресторандар жана барлар, соода түйүндөрү жабылат.
«Коронавирус Европада дагы бир жолу бизди таң калтырды. Айрым өлкөлөр, мисалы, Испания, Ирландия, Нидерланддар бизге чейин катаал чараларды көрүшкөн. Ошого карабастан, бүгүн биз бардыгыбыз бирдей абалда турабыз: бизди экинчи толкун каптады, ал эми биз болжогондой, биринчиге караганда экинчи толкун оор жана өлүмдөр көп катталат", - деди Макрон.
"Экономика токтоп, кыйрап калбашы керек", - деп баса белгиледи ал.
Ошондуктан мамлекеттик органдар, заводдор жана айыл чарба ишканалары иштешет. Ар кандай себептерден улам ишин уланта албай калгандар үчүн, Франциянын президенти толук эмес убакыт механизмин кайрадан ишке киргизүүнү убада кылды. Шенген аймагынын тышкы чек аралары азырынча жабык бойдон калат, деп кошумчалады ал.
Эки жумадан кийин мамлекет башчысы эпидемиянын бир аз да болсо азаярын билдирип, карантиндин жумшартылышы мүмкүн экендигин убада кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/evropada-abal-oor-franciya-ekinchi-iret-karantin-kirgizilip-zhatat
Добавить комментарий ×