ЭВФ кандай шарттарда Кыргызстанга 245 млн доллар берет?
Кечээ, 23-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болгон маалымат жыйында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мурдагы бийликтин учурунда тыштан берилген 350 млн доллар максатсыз пайдаланганын айтты.
Президент бул акча Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө колдоо иретинде бөлүнгөнүн тактады.
Ошого карабай президент коронавирус менен күрөшүүгө баардык чаралар кабыл алынып жатканына ишендирди.
“20 млн долларды коронавируска каршы вакцина сатып алыш үчүн бюджеттен бөлдүк. Ошол эле маалда калк эмдөөнүн бекер алып жатат”,-деп билдирди Жапаров.
Президент сөз сүйлөп бүткөндөн кийин журналисттер кезектешип президентке суроо узатышты.
Barometr.kg редакциясынын саясий баяндамачысы Эл аралык валюта фондунун Кыргызстанга 242 млн долларды кандай шарттын негизинде бөлүп берип жатканы тууралуу сурады.
Негизинен журналист ЭВФтин көмөгү кандай принципиалдуу шартта менен берилип жатканына жана буга чейин донорлор берип, максатсыз колдонулуп кеткен көмөк кандай таасир бергенине кызыкты.
Садыр Жапаров Каржы министрлигинен журналисттин суроосуна жооп берүүнү өтүндү.
“Эл аралык валюта фонду боюнча толук маалымат берсеңиз, канча алдык, кандай шартта алдык?”,-деп талап кылды президент каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевден.
Бакетаев өткөн жылы эл аралык донорлордон 357 млн доллар келгенин эскертти.
“Быйыл бюджетке эл аралык донорлордон көмөк катары каражат берилген жок. ЭВФтин Кыргызстанга Улуттук банк аркылуу 245 млн долларды төлөм балансын кармап туруш үчүн берүү тууралуу чечими бар. Бирок бул акчалар бюджетти колдош үчүн багытталган эмес, аларды Улуттук банк берет”,-деп айтты чиновник.
Бакетаев кандай болсо да эң башкы суроого жооп берген жок- Кыргызстанга Эл аралык валюта фонду кандай шартта көмөк берип жатат деген.
Ссылка: https://barometr.kg/evf-kandaj-sharttarda-kyrgyzstanga-245-mln-dollar-beret
Добавить комментарий ×