Эртең Шевченко менен Монтано беттешет

7 сентябрь 2018 18:30 1612 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко эртең 8-сентябрда АКШнын Даллас шаарында UFC боюнча 57 килограммга чейинки салмак ченинде чемпиондук кур үчүн Америкалык мушкер Никко Монтано менен беттешет. Эки спортчу  кечээ 6-сентябрда Даллас шаарында беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Шевченко буга чейин 56 килограммга чейинки салмак категориясына өтүп, алгачкы беттешинде Присцилла Качоэйраны утуп алган. 

Эске салсак, Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңишке жетсе, 2 беттеште мушкер Аманда Нуньеске  жеңилген.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-shevchenko-menen-montano-betteshet



Добавить комментарий