Эртең Бишкекке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келет

25 январь 2023 18:55 1664 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең 26-январда Бишкекке Өзбекстандын поезиденти Шавкат Мирзиёев келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолукту.

Бишкек шаарында 26-27-январь күндөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунун жүрүшүндө, ошондой эле, “Кыргызстан - Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында кол коюлуучу документтер боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүнүн көлөмү 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 500 миллион доллардан ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын койгон тапшырмасынын алкагында соода алмашуу жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн 2 миллиард долларга чейин жеткирүү пландалып жатканы маалымдалган.

Белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик сапардын алкагында жана кыргыз-өзбек бизнес-форумунун жүрүшүндө айыл чарба, жеңил өнөр жай, курулуш, кайра өндүрүү сыяктуу бир катар документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-bishkekke-zbekstandyn-prezidenti-shavkat-mirziyoev-kelet



Добавить комментарий