Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду
Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/erkinbek-osoev-transport-zhana-kommunikaciyalar-ministri-kyzmatynan-boshotuldu
Добавить комментарий ×