Эркинбек Чодуев менен Нурбек Сыдыгалиев “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барабы?

15 август 2020 16:39 2051 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Эркинбек Чодуев жана Жогорку Кеңештин депутаты,  “Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиев “Кыргызстан” партиясынын штабында жүрүшөт. Бул маалыматты "Барометрдин" партиядагы өздүк булактары билдирди, алар парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы” менен баруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдашты.

Белгилей кетсек, Эркинбек Чодуев 2019-жылдын май айында президент Сооронбай Жеенбековдун буйругу менен  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайыналдаган.

Ал эми Нурбек Сыдыгалиев  2019-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алтынбек Шыкмаматовдун ордуна депутат болуп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/erkinbek-choduev-menen-nurbek-sydygaliev-kyrgyzstan-partiyasy-menen-shajloogo-baraby



Добавить комментарий