Эркектерге жагат экен. Үч көкүрөктүү аял дагы операция жасатмай болду
25 жаштагы Жасмин Тридевил көп жылдан бери үчүнкү көкүрөк катары муляж тагып келген, эми чындап эле бул үчүн имплант койдуруп үч эмчектүү болмокчу. Бул тууралуу Daily Star жазды.
Тридевил 2014-жылы пластикалык операция жасатып, үчүнчү көкүрөктүү болдум деген кезде атагы чыккан жана ошондон бери ушундай дене түзүлүшүнө ылайык кийим кийип жүргөн. Бирок пластикалык хирургдар анын көкүрөгү жасалма экенин байкап калышкан.
Немис журналисти тепловизордун жардамы менен анын үчүнчү көкүрөгү жасалма экенин аныктаган.
Америкалык кыздын айтымында, ал өзүнүн үчүнчү көкүрөгүн олуттуу кабыл алган эмес, бирок буга эркектер кызыга турганын байкаган.
Кыз эми чындап эле пластика жасатууга белсенип хирургга кайрылды.Операцияга 50 миң доллар керектелмекчи.
Ссылка: https://barometr.kg/erkekterge-zhagat-eken-ch-kkrkt-ayal-dagy-operaciya-zhasatmaj-boldu
Добавить комментарий ×