Эркектердин сексуалдык активдүүлүгү эмнеден улам төмөндөйт?

4 февраль 2019 12:38 2838 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркектердин сексуалдык каалоосу тестостерон гормонуна байланыштуу. Аталган гормон сексуалдык катнашта булчуңдардын жакшы иштөөсүнө өбөлгө болот. Бирок, эркектердин жашы өткөн сайын, аталган гормон азая баштайт. Мындай шартка жол бербөө үчүн, эркектер өздөрүн эмоционалдык жактан көзөмөлдөп, спорт менен машыгуу эрежелерин сактоо керек.

Тестостерон гормонунун азаюсун эркектерде 30-70 жашта байкоого болот. Буга аз кыймылдуулук себеп болот. Мисалга, жумушка деле барса унаага отуруп барат, үйдө отурса деле эртеден кечке телевизор көрөт көпчүлүгү. Дал ушул учурда эркектерде тестостерон гормону азайып, сексуалдык активдүүлүгү дагы төмөндөйт.

Эркектерде сексуалдык каалоо (либидо) төмөндөгөндө: “Жумушка болгон көңүлү азайып, бат чарчап, уйкусуздук каптап, бат жини келе турган болуп калат”. Эгерде сиз семире баштасаңыз, физикалык активдүүлүктү күчөйтүңүз. Ага утурлай таттуудан, өтө ачуу, туздалган тамак-аштардан акырындап баш тартууңуз кажет.

Ссылка: https://barometr.kg/erkekterdin-seksualdyk-aktivdlg-emneden-ulam-tmndjt



Добавить комментарий