Эркек интимдик тейлөө көрсөткөнү келген кызды өлтүрүп, денесин короодогу дааратканага салып ийген

5 апрель 2019 15:00 46744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Уральск шаарында 25 жаштагы Айдана Акболатованын өлүмү боюнча сот болду. Бул тууралуу mgorod.kz булагы кабарлады.

Кыз 29-октябрда жоголуп кеткен. Анын сөөгүн полициялар бир жарым айдан кийин табышты.

Сотто айтылгандай, Акболатова акча алып интимдик тейлөө көрсөтүп жүргөн. Кыз ошол күнү 40 жаштагы кишинин үйүнө барып 7 сааттай спирт ичимдиктерин ичишкен.

Бир маалда чатак чыгып, кыз эркектен 70 миң теңге талап кылган, болбосо полицияга кайрыла турганын айткан. Эркек аны сабап, муунтуп өтүрүп, колу-бутун скотч менен таңып,  короодогу дааратканага салып ийген. Кийимдерин өрттөп салган.

Бул кылмыштын бетин ачууга ошол күнү кыз чакырткан таксист көмөкчү болду.

“Менин кызымдыкындай өлүмдү эч кимге каалабайм. Айдана мени менен жашачу. Анын денеси дааратканада жаткан кезде  кылмышкер өзү тынч гана жашап жүрө бериптир”,-деп айтты сотто каза тапкан кыздын энеси.

Киши өлтүргүч 13,5 жылга катуу режимдеги абакка соттолду.

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-intimdik-tejl-krstkn-kelgen-kyzdy-ltrp-denesin-koroodogu-daartkanaga-salyp-ijgen



Добавить комментарий