Эрбол Султанбаев: Айрымдар Кыргызстан менен Тажикстанды кагыштырууга аракет кылууда

29 октябрь 2021 09:46 1594 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айрым тараптан Кыргызстан менен Тажикстанды кагыштырууга аракет кылууда. Бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткан сөздөрүн кээ бир кызыкдар тараптар бузуп көрсөтүп, эки тарапты кагыштырууга аракет жасоодо, алар ар кандай видео материалдардын фейк варианттарын жүктөшүп, өз сөздөрү менен текстти окуп жатат. 

Албетте чек ара маселеси бир тараптын кызыкчылыгы үчүн гана чечилбейт. Сөссүз эки тараптын кызыкчылыктары эске алынат. Ошондо гана биз бул маселени тынчтык жолу менен чечебиз. Кыргыз тарап орток тил таап жана баарын тынчтык жол менен чечерибизге ишенет”,-деп жазды басма сөз катчысы.

Ссылка: https://barometr.kg/erbol-sultanbaev-ajrymdar-kyrgyzstan-menen-tazhikstandy-kagyshtyruuga-araket-kyluuda



Добавить комментарий