Энергетика министри: Биз Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын алууга аргасызбыз

22 апрель 2021 11:26 871 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 22-апрелде Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, энергетика жаатын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча түшүндүрмө берүүдө. 

Жыйында, энергетика министри өлкөдө электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин айтып, учурда электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн алууга мужбур болуп жаткынын билдирди.

“Суунун тартыштыгына байланыштуу биз Казакстанга жана Өзбекстанга барып, электр энергияны импорт кылуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар койгон бааны биз көтөрө алчудай эмесбиз. Казакстан электр энергиянын баасын 2,9 цент деп белгиледи. Ал эми, Өзбекстан 3 цент деп белгиледи.

Бирок, биз башка жолдорун издедик. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде, товар алмашуу жолуна токтодук. Быйыл Казакстан бизге 900 миллион кВт саат электр энергияны берет. Быйыл биз электр энергияга өтө муктаж болуп жатабыз. Ушул 900 миллион кВт саат электр энергияны биз быйыл алып, иштетүү менен Токтогул ГЭСтеги  сууну толтурууга мүмкүнчүлүк жаралат. Себеби, электр энергияны коңшу өлкөдөн алуунун бирден бир максаты сууну толтуруу. Ушул эле электр энергияны үч жылда Казакстанга кайра кайтарып беребиз.

Электр энергияны алып жатканда биз эквиваленттүү түрдө сууну толтурабыз. Ал эми, сууну берип жатканда эквиваленттүү түрдө сууну агызабыз.

Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүүдө транзит үчүн коңшу өлкө төлөйт. Ал эми, Кыргызстандан Казакстанга кайрадан электр энергиясын кайтарып бергенде да транзит үчүн коңшу өлкө төлөй тургандай кылып сүйлөштүк. Ушул товар алмашуунун негизинде Кыргызстан транзиттен пайда көрөт. Тактап айта кетсем, болжол менен санаганда 1 500 миллион долларга транзит үчүн Кыргызстан пайда көрөт.

Ал эми, ушул эле принциптин негизинде Өзбекстан менен да сүйлөшүп, 750 миллион кВт саат электр энергиясын кошумча ала турган болдук. Ушунун негизинде, азыркы учурда биз 628 миллион куб метр сууну сактап калдык. Себеби, 11-марттан баштап коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын ала баштадык да”, - деди министр.

Эске салсак, кечээ, 21-апрелде Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек экенин жазганАнын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан.



Ссылка: https://barometr.kg/energetika-ministri-biz-byjyl-kazakstan-menen-zbekstandan-elektr-energiyasyn-aluuga-argasyzbyz



Добавить комментарий