Эмнеге ноябрь айында электр жарыгын эсептөө мөөнөтү 34 күндү түздү?

7 декабрь 2018 11:04 2715 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы «Түндүк электро» ААК абоненттеринин эсеп-дүмүрчөктөрүндөгү эсептөө мөөнөтү бир нече объективдүү себептерден улам 34 күндү түздү. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы Barometr.kg сайтына билдирди.

Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн токтомуна ылайык 7-11-ноябрга чейин эс алуу күндөрү болду.  Буга байланыштуу «Түндүк электро» ААКнын пландаштырылган иштери, анын ичинде эсеп приборлордун көрсөтмөлөрүн алуу графиги жылдырылды.  Ошондуктан, Бишкек шаарындагы «Тндүк электро» ААК абоненттеринин эсеп-дүмүрчөктөрүндөгү эсептөө мөөнөтү 34 күндү түздү. Аны менен бирге, социалдык ченем менен каралган тариф (0,77 тыйын) менен эсептелген электр энергия көлөмү 782,47 кВт.саатты түздү. Эгерде эсептөө мөөнөтү 30 күндү түзсө, 0,77 тыйын менен эсептелген электр энергия көлөмү 690 кВт.саат болмок.

Жалпысынан, социалдык ченем менен каралган тарифтин нормасы боюнча бир жылга 8400 кВт.саат каралган. Бир айга социалдык ченем менен каралган тарифтин нормасы абоненттин күнүмдүк керектөөсүнүн негизинде эсеп жүргүзөт, ал 23.0137 кВт саатты түзөт.

700 кВт.саат * 12 ай. =8 400 кВт.саат/ 365күн =23.0137 кВт.саат

Эсеп приборлордун көрсөтмөлөрүн алуу графигине байланыштуу абоненттин эсептөө мөөнөтү календардык айдан азыраак же көбүрөөк болушу мүмкүн. Мисалга, абоненттин орточо эсептеги күнүмдүк керектөөсүн 23.0137 кВт саатты 34 күнгө көбөйтүү (так абоненттин эсептөө мөөнөтү) менен белгиленген эсептөө мөөнөтүнө каралган электр энергиянын социалдык ченемин алабыз -  782,47 . Бул электр энергиянын көлөмү 0,77 сомдон эсептелинет:

23.0137 кВт саат * 34 күн =782,47 кВт саат

Колдонулган электр энергиянын төлөмдөрүнүн суммасын «Түндүк электро»  ААКнын сайтынан эсептөөгө мүмкүн. Турмуш-тиричилик абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында бөлүштүрүү компаниянын www. se.kg сайтында  “Калькулятор” онлайн-сервиси иштөөдө. Бул үчүн керектүү  графаларды толтуруп “эсептөө” функциясын басуу зарыл.  

Ссылка: https://barometr.kg/emnege-noyabr-ajynda-elektr-zharygyn-esept-mnt-34-knd-tzd



Добавить комментарий