Эмне үчүн Элина Абай кызы Асельдин ролуна тандалбай калган?

7 сентябрь 2018 16:10 8368 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Иляс менен Аселдин Долон ашуусундагы махабаты баяндалган атактуу чыгарма кайрадан экрандаштырылып, ал кыргыз-өзбек киночуларынын биримдигинде тартылары тууралуу маалымат тараганда коомчулук тарабынан эки түрлүү пикирлер пайда болгон. Эмне үчүн Элина Абай кызы Асельдин ролуна тандалган жок?-деген пикирлер интернеттеги баракчаларда көп калтырылгандыктан,фильмдин продюсери Паризат Жакыпбекова жергиликтүү басылмалардын бирине берген интервьюсунда мындай деп жооп берди: 

"Элинанын жаш курагы туура келмек эмес, Мадина менен Маликаны тандоодо актрисаларды Ильяс менен Асельдин коштошуп жаткан эпизоддорун аткарттырганбыз. Мадина ошол жерде профессионалдуулугун көрсөтүп, алдыга чыгып кетти. Ал эми Кадичанын ролуна мен Элина Абай кызын сунуштадым. Анткени аны эл сулуу, назик же болбосо баатыр кыздын ролунда көрүп көнүп калышкан. Ал стереотипти сындырыш үчүн Элинанын талантын башка өңүттө ачып бергим келди"

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-elina-abaj-kyzy-aseldin-roluna-tandalbaj-kalgan



Добавить комментарий