Эми TOEFL тесттин Кыргызстандан расмий тапшырууга мүмкүндүк түзүлдү

19 февраль 2020 18:06 1155 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин мектептери Кыргызстандагы TOEFL сынактарын кабыл алуу боюнча расмий тест-борбору деген статуска ээ болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Андан сырткары "Сапаттын" мектептери TOEFL сынагына даярдоо укугуна дагы ээ.

"Эми окуучулар биздин мектептерден англис тили боюнча TOEFL сынактарына даярданып жана катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.

TOEFL (Test of English as a Foreign Language) – бул англис тили чет тили катары боюнча эл аралык сынак. TOEFL сынагы АКШнын Нью-Жерси штатындагы Принстон университетинин Educational Testing Service (ETS) уюму тарабынан даярдалган.
TOEFL сынагынын негизги максаты – англис тили эне тили болбогон кишилер үчүн даярдыгынын деңгээлин текшерүү. TOEFL сынагынын жыйынтыктары АКШнын, Канаданын жана башка бир нече өлкөнүн 2400дөн ашуун колледж менен университетине тапшыруу үчүн керек.

Ссылка: https://barometr.kg/emi-toefl-testtin-kyrgyzstandan-rasmij-tapshyruuga-mmkndk-tzld



Добавить комментарий