Россиянын аймагына кирген ар бир мигрантка QR-код берүү сунушталууда
Россияда мигранттарды каттоо жана алардын мыйзамдуу түрдө жүрүүсүн аныктоо үчүн QR-код тутумун киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Улуттук куруучулар ассоциациясынын президенти Антон Глушковдун жергиликтүү басылмаларга берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бул сунуш, Россиянын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын алкагында иштелип жаткан "Агрессивдүү инфраструктураны өнүктүрүү" багытында өкмөттө жана эксперттер арасында кеңири талкууланып жатат.
“Биз бул маселени тартипке келтирип, Россиядагы эмгек мигранттарын каттоого алышыбыз керек. Россия Федерациясынын аймагына кирген ар бир жумушчуга атайын QR-код алуу сунушталат. Бул система мигранттардын өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн тастыктайт", - деди Глушков.
Ошондой эле, Россияда курулушта иштеген чет элдик мигранттардын электрондук реестрин түзүү идеясы талкууланууда.
Тактап айтканда, маалымат базасына кирүүдөн мурун эмгек мигранттары орус тилин билүү боюнча экзамен тапшырып, эмгекти коргоо боюнча курстардан өтүп, медициналык талаптарга шайкештигин тастыктоо сунушталууда.
Буга чейин, 24-апрелде, Россиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө эмгек мигранттар үчүн электрондук патент киргизилиши мүмкүн деп билдирген.
Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги өлкөнүн борборунда иштеген чет өлкөлүктөр үчүн электрондук патентти киргизүү боюнча буйруктун долбоорун иштеп чыгууда.
Ссылка: https://barometr.kg/emi-rossiyanyn-ajmagyna-kirgen-ar-bir-migrantka-qr-kod-ber-sunushtaluuda
Добавить комментарий ×