Эми АКШ ортомчу болуп. Азербайжан менен Армения тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүздү

8 ноябрь 2022 17:24 1476 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Арарат Мирзоян менен Жейхун Байрамов Вашингтондо тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Азербайжан жана Армения дипломаттарынын башчыларынын жолугушуусу америкалык тараптын демилгеси менен өткөн.

Министрлер Ак үйдүн жогорку даражалуу коноктору үчүн борбор калаадагы мамлекеттик резиденция болгон Блэр Хауска барышып, анда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен биргелешкен жолугушуу өткөрүштү.

Жейхун Байрамов потенциалдуу тынчтык келишиминин элементтери боюнча пикир алмашып, дагы эле чечиле турган бир катар көйгөйлөр бар экенин айтты. Ошол эле учурда Армениянын Тышкы иштер министрлиги Армения менен Азербайжандын лидерлери 6-октябрда Прагада жана 31-октябрда Сочиде өткөн жолугушууларда эки тарап тең алган милдеттенмелерди тастыктаганын билдирди.    

Блинкен өз кезегинде Вашингтондогу жолугушууну Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында өткөн сүйлөшүүлөрдүн уландысы деп атады, ошондой эле Ереван менен Бакунун ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдыруу боюнча АКШнын позициясынын өзгөрбөстүгүн баса белгиледи.
 
 
 
Азербайжан менен Армениянын министрлери сүйлөшүүлөрдү тездетип, жакынкы апталарда дагы бир жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.  

Белгилей кетсек, бул Тоолуу Карабак чөлкөмүндөгү чыр-чатактын соңку курчушунан кийин америкалык тараптын демилгеси менен Азербайжан менен Армениянын дипломаттарынын башчыларынын экинчи жолугушуусу.  

Буга чейин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку менен Ереван ортосундагы тынчтык келишимине карай акырындык менен жылыш болоруна үмүт арткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/emi-aksh-ortomchu-bolup



Добавить комментарий