Эльвира Сурабалдиева "жылыткысы келген" эркек тууралуу айтып берди

20 ноябрь 2018 14:40 2849 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева кечээ, 19-ноябрда интернеттеги өздүк баракчасына аны ак үйдүн ичиндеги лифтте белгисиз эркек кучактаганын жазып чыккан эле. Бул тууралуу маалымат тез аранын ичинде маалыматтык сайттарга жайылып кетти. Ал маалыматты тастыктоо иретинде депутат айымга чалып сурагандар көбөйгөндүктөн ал Фейсбук баракчасы аркылуу түшүндүрмө пост жазды.

Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Фейсбук баракчасына:

"Жазып кетпесем болбой калды окшойт. Кечээ ак үйдүн лифтине түшсөм менден башка дагы 3 эркек түштү. Бир маалда тиги эркектердин бирөөсү мени "жылыткысы келди" окшойт, артыман кучактап алды. Албетте мен бул тууралуу парламентте айтпайм. Үй-бүлөсү жок же ажырашкан аялдар менен мындай окуялар көп эле кездешет эмеспи. Мен Твиттер баракчама жөн гана ачуу үстүндө жазган болчумун. Маалымат интернетке тарап кеткенде жакындарым чалып абалымды сураганга да жетишишти.

Эми баягы мени "жылыткысы келген" мырза андай жолго барбайт, ал эми бул окуя башкаларга сабак болот деген ойдомун" -деген маанидеги пост жазып окуянын чоо жайын айтып берди.

Эске салсак, кечээ депутат айым:

"Лифтте белгисиз адам келип кучактап баштаса, таң калып калдым. Бүгүн депутаттык төш белгимди тагынган эмес элем. Парламентке сырттагы мамлекеттик мекемелерден келген орто деңгээлдеги аткаминер окшойт. Эгер мен бул маселени көтөрүп чыксам, элде "депутат көтөрүп чыкканга мындан башка маселе жокпу?" деген сөздөр пайда болот", -деп жазган эле.

Ссылка: https://barometr.kg/elvira-surabaldieva-zhylytkysy-kelgen-erkek-tuuraluu-ajtyp-berdi



Добавить комментарий