Элмырза Укубаев "Кыргызалтындын" жетекчиси болуп дайындалды

13 ноябрь 2020 13:45 7078 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Директорлор кеңеши  Укубаев Элмырза Аманбековичти  "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын башчысы кызматына шайлады.

Бүгүн, 13-ноябрда, "Кыргызалтындын" директорлор кеңешинин жыйынында Элмырза Укубаевди директорлор кеңешинин төрагасы кылып дайындоо чечими кабыл алынды.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айтымында,  Укубаев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарарын белгилешти, анткени ал жер казынасын пайдалануу жаатында бай тажрыйбага ээ жана тоо-кен тармагындагы чыныгы кырдаалды жакшы билет.

Маалымдама

Укубаев Элмырза Аманбекович адистиги - тоо инженери, пайдалуу кендерди иштетүү.

Жогорку билимдүү. 2009-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтун аяктаган.

01.15.2011-10.04.2012 – Кыргыз Республикасынын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Орловка айылында сейрек кездешүүчү жер долбоорунун жетекчиси, "Кыргыз химия-металлургия заводу".

10.04.2012-27.08.2013 - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү башкармалыгынын тоо-кен көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси.

08.27.2013-01.09.2015 - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын жер казынасын пайдалануу саясаты бөлүмүнүн башкы адиси.

2015.01.09 - 17.11.2015 - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын жер казынасын пайдалануу саясаты бөлүмүнүн башчысы.

17.11.2015 - 06.06.2016 - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жер казынасын коргоо жана тоо-кен өнөр жайы бөлүмүнүн башкы адиси.

06.2016-08.2016 - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жер казынасын пайдалануу инспекциясынын башкармалыгынын башкы инспектору.

08.2016-01.2017 - Кыргыз Республикасынын Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгынын башкы адиси.

03.2017 - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн эксперти.

08.2017 - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы.

01.2019 - Кыргыз Республикасынын президентинин аппараты, Стратегиялык пландаштыруу, экономика жана каржы бөлүмүнүн эксперти.

08.2019-03.2020 - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы.

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ардак грамотасы 2012-жылы.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы 2015-жылы.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасы

Кошумча:

2009-2012 - КЭРдин талааларында сейрек кездешүүчү элементтерди байытуу технологиясынын тажрыйбасын үйрөнүү.

2014-2018 - Кыргыз Республикасынын минералдык запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү.

2012-2013 - Кумтөр долбоорун изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү.

2012-жылдан ушул күнгө чейин Кумтөр долбоору менен алектенип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/elmyrza-ukubaev-kyrgyzaltyndyn-zhetekchisi-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий