Элмирбектин устаты ким эле, ал атак-даңкка качан жетип, качан эл оозуна алынган?

23 апрель 2020 17:45 4802 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” коомдук фондусунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз “Парламентаризм сабактары” берүүсүндө Ибраим Нуракун уулунун суроолоруна жооп берип, маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин атактуулукка чейин басып өткөн жолу, устаттары тууралуу эскерип айтып берди.


Эске салсак, төкмө акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Шер-Нияз Элмирбекти эскерип жатып, анын эң биринчи устаты ким болгонун да айтып берди.

“Элмирбектин эң биринчи устаты залкар акын Тууганбай Абдиев десек болот, Кетмен-Төбөлүк жердеши. Элмирбекти Тууганбай Абдиев бала кезинде, тестиер кезинде жетелеп келген. Шаарга келип искусство институтуна орноштурган.


“Айтыш” фондунун иштери 2000-жылдары башталды. Элмирбек фондго келгенде дагы жаш эле. “Айтыш” коомдук фондунун устаттары болгон Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиев дагы устаттары болуп берди.  Ошол жерден такшалып, өрчүп, ошол аксакалдардан таланты курчуду десем дагы болот.

2000-жылдары “Айтыш” коомдук фонду түптөлүп калганда каатчылык жылдары эле. Мындайча айтканда, маданият ишмерлеринин жарымы көчөдө калган десек да болот. Абдан кыйын учур болчу. Ошондо “Айтыш” коомдук фонду түзүлүп, акындардын башын кошолу дегенде бардык акындар буга жапырт киришти десем жаңылбайм. Эң биринчи болуп Тууганбай Абдиев аксакал келген. Анын шакирти болуп Элмирбек келди, Амантай эсимде. Тууганбай Абдиевди Ашыралы Айталиевге чалыңыз дедик. Ашыкеме чалып Тууганбай Абдиев аксакалдын сүйлөп жатканы көз алдымда. “Ашыке, бул жакта жаш балдар сиз менен айтышам деп жатат” десе, Ашыкем “Ой, мага Осмонкулду эле ойготуп келбесеңер башкасы чыдабайт” деди. “Жоок, чыдай турганы бар экен, айтышам деп жатат” десе, “айтышса көрөйүн” деп ал киши кошулду. Эки аксакалдын атын уккандан кийин жаштардын баары жапырт келди, азыр аты чыгып калгандар ошол эле Жеңишбек Аалы, Азамат баары.

“Айтыш” коому башталгандан кийин Элмирбек төрага болуп шайланып, беш жылдай бул кызматты аркалады. Ошол жерге биз жаш болсо да башчы кылып койдук. Бүт уюштуруу жана башка иштерди жасады. Башынан жакын болуп калгандыктанбы акындардын арасынан Элмирбекке менин өзүмдүн ички симпатиям өтө жогору болчу. Бирок айтышты тең карагандыктан муну көпчүлүккө билдирбесек дагы акындар билчү болуш керек. Элмирбектин дилгирлиги, билимге умтулуусу, Элмирбектин кругозору, интеллекти, көрөңгөсү кийин чыгармачылыгында зор жемиштерин берип баштады.

Менин оюмда акындык бул бир китепке бата турчу ойду төрт сап менен берүү мүмкүнчүлүгү. Марк Твен кат жазганда айтып жатпайбы “убакыттын кыскалыгынан узун жазып жатам” деп.

Оюн так, кыска-нуска айта алуу бул чоң кругозордун белгиси, чоң акылдын белгиси. Акынчылык өнөр ошол чоң ойлорду кыска текстке сала билгендигинин көрсөткүчү. Ошону Элмирбек эң мыкты пайдаланчу.

Элмирбек кайсы чыгармасы менен элге төбөсү көрүндү

Биринчи таанылган учуру бул албетте обону. Элмирбек обончу катары ар бир жазган обону шедевр болуп турду. Биринчи обонун 16 жашында жазган жанагы “карап-карап, кайрадан сени самап” деген обону, ошол менен элге таанымал болду деп ойлойм.

Айтыштарда дагы айтышып Элмирбектин аты чыгып жүргөн. Бирок чоң айтышта Астанага барып, 2003-жылы Айнура Турсунбаева менен айтышкандан кийин кеңири чоң акын катары кыргыз, казакка таанымал болду”, — деди Садык Шер-Нияз.


Ссылка: https://barometr.kg/elmirbektin-ustaty-kim-ele-al-atak-dakka-kachan-zhetip-kachan-el-oozuna-alyngan



Добавить комментарий