Элмирбек Иманалиевди Бишкектеги ооруканалар эки саат бою кабыл алышкан эмес
Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Төкмө акын кант диабетинен жабыркап келгенин жана ушул оорудан улам каза болгонун жакындары айтышууда.
“Айтыш” республикалык коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов Элмирбек Иманалиевди ооруканалар кабыл албай, улам бири-бирине жөнөткөнүнө токтолду.
“Спецооруканага барсак Фучикке жөнөттү, ал жактан кайра атайын ооруканага жөнөттү. Дарыгерлер дагы карантин учуру деп кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту”, — деди ал.
Элмирбек Иманалиев менен көп жылдардан бери санаалаш, дос болуп жүргөн Кубат Болотканов кыргыз элинин сыймыгы болгон инсанга дарыгерлердин жасаган мамилесине аябай нааразы экенин айтты.
“Кант диабети бар эле. Аны менен ооругандардын баары эле жүрбөйбү. Ошону дарыгерлерибиз убагында колго алып, медициналык чараларын көргөндө маселе болмок эмес деп ойлойм. Соо кишини деле бир нерсеге салып алып ары бери сүйрөп жүрө берсе ошол ооруп калат. Ооруп барган кишини эки саат кабыл албай койгон. Болгондо дагы кыргыздын тулпар уулун, бардыгыбыздын сыймыгыбыз, улуттун, элдин, мамлекеттин сыймыгы болгон уулуна ушундай мамиленин жасалганына албетте бүгүн баарыбыз нааразы болуп жатабыз”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/elmirbek-imanalievdi-bishkektegi-oorukanalar-eki-saat-boyu-kabyl-alyshkan-emes
Добавить комментарий ×