Элмирбек Иманалиевди Бишкектеги ооруканалар эки саат бою кабыл алышкан эмес

22 апреля 2020 10:01 10640 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Төкмө акын кант диабетинен жабыркап келгенин жана ушул оорудан улам каза болгонун жакындары айтышууда.

“Айтыш” республикалык коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов Элмирбек Иманалиевди ооруканалар кабыл албай, улам бири-бирине жөнөткөнүнө токтолду.

“Спецооруканага барсак Фучикке жөнөттү, ал жактан кайра атайын ооруканага жөнөттү. Дарыгерлер дагы карантин учуру деп кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту”, — деди ал.

Элмирбек Иманалиев менен көп жылдардан бери санаалаш, дос болуп жүргөн Кубат Болотканов кыргыз элинин сыймыгы болгон инсанга дарыгерлердин жасаган мамилесине аябай нааразы экенин айтты.

“Кант диабети бар эле. Аны менен ооругандардын баары эле жүрбөйбү. Ошону дарыгерлерибиз убагында колго алып, медициналык чараларын көргөндө маселе болмок эмес деп ойлойм. Соо кишини деле бир нерсеге салып алып ары бери сүйрөп жүрө берсе ошол ооруп калат. Ооруп барган кишини эки саат кабыл албай койгон. Болгондо дагы кыргыздын тулпар уулун, бардыгыбыздын сыймыгыбыз, улуттун, элдин, мамлекеттин сыймыгы болгон уулуна ушундай мамиленин жасалганына албетте бүгүн баарыбыз нааразы болуп жатабыз”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/elmirbek-imanalievdi-bishkektegi-oorukanalar-eki-saat-boyu-kabyl-alyshkan-emes



Добавить комментарий

  • эмне озунун врачы жок беле учетко турган, ошого кайрылса болмок экен, алдыраарда жаздыраар деген ушу да.😭😭😭😭
  • Негизи эле кыргыздар бири бирибизди коро албайбыз кайдыгер жасайбыз карантин болсо эмне экен олум менен алышып аткан адамга жон эле карап коюшса болмок бир жерлери кемип калмак эмес ким кайсы жердин врачтары болсонор да кайдыгер кылыпсынар уят силерге уят эле чыгаан мындайча айтканда кыргыздын алп акыны дастанчы манасчы инсан кантип ушундайга бардынар ,барып барып ажалга такадынар