ЭлТР каналынын жамааты Шаиста Шатманованы кабыл албай иш ташташты

26 октябрь 2020 18:17 2365 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ЭлТР телеканалы жаңы директорду кабыл албай иш таштаганы маалым болду. Бул тууралуу аталган телеканалдын журналисттери соцтармакка жарыялаган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"16-октябрда ЭлТР телеканалына башкы директор болуп дайындалып келген Шаиста Шатманованы телеканалдын жамааты кабыл алган жок. Өкмөттөн келген өкүл Бактыбек Ырсалиевдин алдында жамаатка алынып кетүү үчүн 3 күн убакыт сураган. Бирок, андан бери 10 күн убакыт өттү. Жамааттын “кетсин” деген талабын Шаиста Шатманова тоготкон жок. Биз андан бери нааразычылык кылып, бир нече маданияттуу акцияларды өткөргөнүбүздөн майнап чыкпай жатат. Бүгүн, 2020-жылдын 26-октябрында кечки саат 18:00 дөн баштап, ЭлТРдин  толук жамааты иш таштоого аргасыз болдук", - деп жазылат билдирүүдө.

"Биздин бул иш таштоо кадамыбыздан майнап чыкпай турган болсо, Профсоюздун демилгеси менен жалпы жамаат президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун ЭлТРге жаңы дайындаган Шаиста Шатмановага чыккан буйругун жокко чыгаруу үчүн Жогорку Соттун Конституциялык Палатасына арыз менен кайрылууга аргасыз болобуз" - деп жазылган.


Ссылка: https://barometr.kg/elkanalynyn-zhamaaty-shaista-shatmanovany-kabyl-albaj-ish-tashtashty



Добавить комментарий