Элиталык жаңы конуштардын жанындагы курулуштар алынды
Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды бузууну улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Кечээ Тыналиев көчөсү 2/22 дарегиндеги ижара шартында Букараевага берилген жер аянтында мыйзамсыз курулган сарай пескоблок менен салынган автоунаа токтотуучу жай жана курчалган тосмосу менен бирге бузулду. Бошотулган жер аянты 302,1 кв.м., түзөт.
Кара-Көл көчөсү, 38 дарегиндеги пескоблок менен курулган курулуш жана курчалган тосмону ээси өз ыктыяры менен бузду. Ал эми Роторной көчөсүндө дагы кезектеги унаа токтотуучу жай бузулду. Тыналиев көчөсүндө, тагыраагы «Жал» кичирайонунда, бир аталыштагы жайкы аянтча жана тандыр-кафе, ошондой эле Масалиев көчөсүндө 24х10 метр металл тосмо алынды.
«Жал» кичирайонунда жарандардын эс алуусу үчүн курулуп жаткан сейлдөөчү бактын курулушуна тоскоолдук жараткан павильондор да алынууда.
Ссылка: https://barometr.kg/elitalyk-zhay-konushtardyn-zhanyndagy-kurulushtar-alyndy
Добавить комментарий ×