Элди чуулдаткан 18 жаштагы кызды жактырып калган жигит сезимин билдирди.Фото
Казакстандык ырчы Ерболот Кудайберген бир аз убакыт мурда кийими жок сүрөткө түшүп казак элин ызы-чууга салган блогер Шырын Нарчаеваны жактап чыкты. Ырчы бул тууралуу пикирин "Хит-Тв" телеканалына билдиргенин nur.kz булагы жазды.
Өзүнүн сөзүндө казакстандык ырчы Шырын Нарчаеванын сулуулугуна суктанып, аны клипке тартууга аракет кылып жатканын айтты.
“Сонун кыз. Мага жагат, Керемет, сулуу, сүйкүмдүү. Жалпы көз караш менен караганда ушунчалык керемет жан.Ошончолук деле ачык-чачык көрүнгөнүн байкабадым. Татынакай болгон колу менен жаап турат. Ал ушунчалык назик, аруу болуп көрүндү. Мен аны бир клипке тартууга ниетим бар”,-деп айтты ырчы аталган берүүдө.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2018-жылдын соңунда блогер Шырын Нарчаева кийимсиз денесине улуттук жасалга тагып алган клиби калк арасында нааразылыкты пайда кылган жана ага карата тескери пикирлер жазылып, кыздын өмүрүнө дагы коркунуч келген.
Ссылка: https://barometr.kg/eldi-chuuldatkan-18-zhashtagy-kyzdy-zhaktyryp-kalgan-zhigit-sezimin-bildirdi
Добавить комментарий ×