Дарыгерлер боорго операция жасоо боюнча Түркиядан тажрыйбасын арттырат
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев өткөн жума Малатья шаарына иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын анын алкагында элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Иненю университетинин ректору Ахмет Кызылай менен жолугушуп, окуу жайдын ооруканасынын жана китепканасынын иш аракеттери менен таанышты. Элчи менен ректор бооруна операция жасалган кыргызстандык эки кичинекей бейтапты зыярат кылды.
Тараптар Кыргызстандагы дарыгерлердин боорго операция жасоо боюнча тажрыйба алуу максатында университеттик ооруканада стажировка ѳтүү жана академиялык кызматташтык боюнча эки тараптуу протоколго кол коюуну максатка ылайык деп табышты.
Маалымат иретинде: Малатья шаарынын Иненю атындагы Университети (Түркиянын 2-президенти) – Түркиянын чыгышындагы ири жогорку окуу жайы, 1975-жылы ачылган. Ал Түркиядагы жогорку 40 мыкты университеттердин тизмесинде жана "Европалык университеттердин бирикмесинин" (EUA) мүчөсү болуп саналат.
Университеттеги мугалимдердин жана башкаруу кадрларыные саны 5700, студенттердин саны 45 миӊ. Университетте оорукана иш алып барат жана боорду алмаштыруу боюнча Европада 1-орунда, дүйнѳдө 2-орунда турат. 2002-2006-жылдары боорду алмаштыруу боюнча 22 операция жасалып, 2019-жылы 277 операция жасалган. Медицина жаатындагы профессорлордун саны 130ду түзөт.
Добавить комментарий ×