Эл Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көп ишенет. Иликтөөнүн жыйынтыгы
Бөлүшүү:
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калктын ишеним индекси боюнча министрликтер, ведомстволор арасында 45,7 упай менен алдыңкы орунга чыкты. ӨКМге калктын ишенимин чыгарууда төмөнкү көрсөткүчтөр негиз болгон:
- 2019-жылдын экинчи жарым жылындагы “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо” индекси - 44,8 упай;
- “Мамлекетке жараандын жеке ишеними” индекси боюнча - 56, 2 упай;
- 2019-жылдын экинчи жарым жылындагы "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк” индекси - 35,8 упай.
Ссылка: https://barometr.kg/el-zgch-kyrdaaldar-ministrligine-kp-ishenet
Добавить комментарий ×