Нарын шаарында салынганына 80 жыл болгон китепканага депутаттар баш бакты
Нарын шаарындагы облустук китепканага барган депутат Чыныбай Турсунбеков өзү менен кошо ала келген китептерди тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы Сагынбай Орозбаков атындагы китепкана жайгашкан имараттын салынганына эле 80 жыл болгон. Ал эми китепканынын уюшулганына андан да көп убакыт болуптур. Китеп фондусунун 70 пайызы эбак эскирди, анын ичинде кыргыз тилиндеги адабияттар болгону 30 пайызын түзөт. Китеп фондун жаңылоо боюнча аракеттер бар, бирок жетишсиз. Китепкананын чатырынан суу агып, дубалдарынын сырткы шыбагы көчүп түшө баштаган.
Чыныбай Турсунбеков баштаган топ Нарындагы медициналык окуу жайына келип киришти. Аталган окуу жайында 413 студент билим алат.
Материалдык-техникалык базасын колледждин жетекчилиги өз күчтөрү менен чыңдап алып жатышкан. Билим берүү жаатында маселе жок. Бирок, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Медициналык академияга тапшыра алышпайт. Анткени, жалпы республикалык тестирлөөгө катыша алышпайт. Эч болбосо окуу жайын артыкчылык дипломдору менен аяктагандарга кандайдыр жеңилдиктер каралса дешет.
Ошону менен катар эле заман шартына ылайык жаңы багыттагы курстарды, жаңы кесипке үйрөтүүчү бөлүмдөрдү ачууга бөгөт болгон жагдайлар бар.
Эскере кете турган дагы бир нерсе кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын жетишсиз. Андыктан орус тилиндеги колдонмолордун бардыгын мугалимдер жамааты өздөрү которуп окутууга мажбур.
Ссылка: https://barometr.kg/el-deputaty-chynybaj-tursunbekov-bashtagan-top-narynda
Добавить комментарий ×