Эл арасында уюлдук телефон тоноп шугулдангандар колго түштү
Милиция бөлүмүнө эки адам тарабынан 3-4-июль күндөрү Бишкек шаарынын көчөлөрүнөн тоноого кабылган жарандар кайрылып, аларга карата чара колдонуу өтүнүчүн билдирип, арыз жазышкан. Арыздануучулар “MI”, “Леново”жана “РЕДМИ 4Х” уюлдук телефондорун жана башка буюмдарынан куру жалак калгандыгын айтып нааразыланышкан. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ тергөө кызматы тарабынан КР КК 167 “Уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тийиштүү ишчаралардын негизинде милиция өкүлдөрү бул кылмышка шектелген А.у.Б., 1999 ж.т., жана Р.у.Б колго түшүрдү. Тергөө амалдары уланып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/el-arasynda-uyulduk-telefon-tonop-shuguldangandar-kolgo-tsht
Добавить комментарий ×