Эквадордогу Куэнка шаарынан Лоха шаарына бара жаткан автобус жыгылып, кесепетинен 11 адам мерт кетти
Бөлүшүү:
Эквадордогу Куэнка шаарынан Лоха шаарына жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус жыгылып, кесепетинен 11 адам мерт кетти. Алардын 30 дан ашыгы катуу жаракат алышты. Бул туурасында CNN маалымат агенттиги билдирди. Берилген маалыматтарга ылайык, кырсыктын себеби айдоочунун катуу ылдамдыкта айдаганы болду.
Маалымат катары айта кетсек, мындан эки күн мурда эле Барселона курама командасына күйөрмандык кылууга бара жаткан автобус Куэнка шаарынан кырсыкка учурап, 10 адам каза болгон.
Добавить комментарий ×