Эксперт: Жерүйдү айрым саясий күчтөр упай топтоо үчүн көтөрүшү мүмкүн

5 февраль 2020 15:00 1039 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жерүй кенин иштетүү боюнча келишим инвесторлор үчүн жакшы белги болду. Биз барыбыз тең экономиканы өнүктүрүү үчүн өлкөгө инвестиция жана акча керек деп айтып жатабыз. Бирок инвесторлорго карата жакшы мамиле кылбай, аларды коркутуп алуудабыз”, — деген оюн эксперт Наталья Крек “Барометр” сайтына билдирди.

Анын айтымында, Жерүйдүн айланасындагы абалды карап туруп башка инвесторлор акча салуу керекпи, же жокпу деп ойлонушат. Бардык маселе өлкөнүн экономикасы менен саясатына таасири бар бир ууч эле кишилердин, саясатчылардын, коомдук ишмерлердин айланасында болуп жатат. Ал өз кезегинде Жерүйгө дагы таасирин тийгизүүдө.

"Чындыгында бул кенди иштетүүгө канча аракет болду, дайыма көйгөй чыгып турган. Экология маселеси андан кийин иш орундары жана башкалар болду. Ушундай абалдын түзүлүшүнө бир ууч адам кызыкдар. Алар өзүнө упай топтоо же өз пайдасына соодалашуу үчүн эле маселе жаратып жатышат”, — деди ал.

Эксперт андан сырткары мындай учурда жергиликтүү бийлик эл менен так иштерди аткарып, түшүндүрүү керектигин белгиледи. Жерүй кенин иштетүү менен Кыргызстанга кандай пайдалуу келишим түзүлгөнү тууралуу да маалымат берилиши керек. Өлкөгө жана элге пайдасы канчалык экенин түшүндүрүү кажет.

Жерүй Кыргызстандагы эң ири экинчи кен. Албетте аны иштетүүдө өлкөгө чоң пайда келет, анын ичинде жумушчу орундары түзүлөт, салыктар, жергиликтүү эл камсыздалып, даяр продуктуну сатуудан дагы пайда түшөт.

“Мындай туруксуздукту уюштуруп жаткан адамдар муну эң сонун түшүнүп турат. Бул жерде дагы бир фактор бар — өлкөдө шайлоо болот, андыктан Жерүйдү шайлоо алдында өзүнө упай топтогусу келген ар кайсы саясий күчтөр көтөрүп чыгышат. Ошентсе да Жерүй бизге абдан керек. Ал өлкөнүн экономикасына абдан таасир берчү долбоорлордун катарына кирет”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/ekspert-zherjd-ajrym-sayasij-kchtr-upaj-toptoo-chn-ktrsh-mmkn



Добавить комментарий