Экс-депутат Садыр Жапаров акталып чыгабы?

14 июнь 2018 02:05 2221 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кароодо. Иштин жүрушүндө эки жактоочу чыкмакчы. Учурда соттук коллега өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлүмүнө   кирип кетишкен. 

Мурдагы соттук отурумда  төрт жактоочу чыгып, алардын баардыгы Жапаровдун күнөөсү жок деп  күбөлөндүргөн.

Эскерте кетсек, экс-депутат  2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча  башаламандыктын уюштуруучусу катары  айыпталган. 2017-жылдын  25-март күнү кыргыз-казак чек арасында кармалып камакка алынган. 

Экс-депутатты Биринчи май райондук соту  "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жылга күчөтүлгөн режимде  эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. 

Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-sadyr-zhaparov-aktalyp-chygaby



Добавить комментарий