Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы: "Акнет" компаниясы тууралуу ушак тараткандар жоопкерчилике тартылат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы “Акнет” компаниясынын тегерегинде таралып жаткан маалыматтарды таң калуу менен кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Азыркы учурда коомчулукта “Акнет” жоопкерчилиги чектелген коом интернет-провайдеринин түзүк иштөөсүнө ЭККМК органдары мыйзамсыз кийлигишкендиги, тагыраак айтканда интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга жана абоненттерге сапаттуу санариптик телеберүүгө тоскоолдук кылган сыяктуу ушактар активдүү жайылып жатат.
ЭККМК мындай маалыматты таң калуу менен кабыл алып, коомчулукка жеткирип коюуну туура көрдү, жакында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралары “Акнет” ЖЧКнын иштерине жана көрсөтүп жаткан кызматтарынын сапатына эч кандай таасир эте албайт.
Ушул жылдын 22-ноябрында ЭККМКнын кызматкерлери мурун козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган ЖЧКнын кызматтык жайына сот тарабынан уюмдаштыруучулардын, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы компаниянын жетекчилиги кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгын тастыктаган, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн четтөө документтерин табууга жана алууга санкцияланган тинтүү жүргүзгөн, анын негизинде тергөөгө керек болгон документтер алынган, алар эч кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн ишине жана сапатына эч кандай таасир этпейт.
Буга байланыштуу “Акнет” ЖЧКнын абоненттерин провокация кылган жана туура эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз. Эгерде интернетке кошулууда жана телеберүүдө көйгөй пайда болсо, анда “Акнет” ЖЧКнын интернет-провайдерине түздөн-түз кайрылууңуздарды сунуштайбыз.
Ошондой эле, ар-намыска шек келтирген же кадыр-баркты кетирген жалган маалыматтарды таратса жоопкерчиликке тартылат.
Добавить комментарий ×