Экономика Министирлиги журналисттерсиз жыйын өткөрдү
Кечээ, 21-ноябрда Кыргызстандын Экономика Министирлигинин кызматкерлеринин "өзгөчө суроолорду" карап чыгуу үчүн ММКнын катышуусуз, жабык эшик артында жыйыны болуп өттү.
Белгилүү болгондой жыйында: 4 суроо каралды. Эң алгачкы суроо - ар тараптуу долбоорлорго карата мамлекеттин токтомдору жана мыйзамдардын аткарылышы тууралуу болду.
Биринчи суроону карап чыгуунун аягында "Барометрдин" журналистинен жыйындар залынан чыгып кетүүсүн суранышты.
Белгилей кетсек, кечээки жыйында кызматкерлер 9 ай бою аткарган иштери тууралуу билдирүү жасашмак. Бул жыйынды коомчулука жеткирүүдө мыйзамда эч кандай тыюу салуулар жок.
Каралган суроолордун эң акыркысы - министирликтин аткарылбаган иштери үчүн диссиплинардык жоопкерчиликтери тууралуу болду.
Ссылка: https://barometr.kg/ekonomika-ministirligi-zhurnalisttersiz-zhyjyn-tkrd
Добавить комментарий ×