Эки колледждин имаратын реконструкциялоо иши башталды (Сүрөт)
Ысык-Көлдө бир колледж жана Кара-Балтада бир колледж реконструкцияланат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жана Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин имараттарын жана курулмаларын реконструкциялоо иши башталды.
Аталган колледждер пилоттук болуп саналат, алардын базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүүдө,Эки колледждин имаратын реконструкциялоо иши башталды, эксперименталдык кесиптик стандарттардын, компетенттүүлүк негизде окутуунун негизинде мыкты методологиялар жана тажрыйбалар пилоттолот.
Аталган Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүнүн алкагында “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлөт – региондор үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутууну баштоого мүмкүндүк берүүчү имараттар реконструкцияланат, окуу өндүрүштүк комплекстер жабдылат. Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен камсыздалат.
Реконструкциялоо иши 8 айдын ичинде аягына чыгарылышы керек. 2020-жылдын аягына чейин алты колледжде – Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде, Т.Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжде, К.Скрябин атындагы КУАУнун Агро-өнөр жай колледжинде, С.Нааматов атындагы НМУнун Агро-экономикалык колледжинде, ОшМУнун Индустриалдык- педагогикалык колледжинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендерлер жарыяланат жана подрядчы компаниялар аныкталат деп күтүлүүдө. Долбоорлоо боюнча компания аталган 6 объекттин долбоордук-сметалык документтерин түзүү боюнча ишти улантууда.
Ссылка: https://barometr.kg/eki-kolledzhdin-imaratyn-rekonstrukciyaloo-ishi-bashtaldy-srt
Добавить комментарий ×