Суукта эки баласын эшике таштап койгон. Татарстанда түнү менен эшикте калган 1 жашар баланын абалы өтө оор

14 январь 2021 17:10 3582 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер Татарстандын Алексеевский районунда 13-январь күнү кечинде тоңуп калган бир жаштагы баланын абалын өтө оор деп баалап жатышат, анын төрт жаштагы эжесинин абалы туруктуу.  Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин Татарстандын прокуратурасы Куркуль айылында 13-январь күнү кечинде бир жаштагы бала менен төрт жаштагы кыз суука калып, тоңуп калышканын айткан. Эки бала тең ооруканага жаткырылган. Татарстандын балдар республикалык клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, балдарды дарыгерлердин атайын топтору алып келишкен, бала реанимацияда оор абалда, кыз орточо оор абалда деп бааланууда.

22 жаштагы балдардын энесине карата "жашы жете элек баланы өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалым болгондой, эки бала тең күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, эшикте суук 30 градустан төмөн болуп турганда балдардын энеси мас абалында эки наристени суук сарайга алып барган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, аял үйгө кызды ээрчитип кирип кетип, кичүү уулун сарайга таштап койгон. Эртең менен аны жумуштан үйгө келген баланын чоң апасы таап алган.

Белгилүү болгондой, балдардын энесин ата-энелик укуктан ажыратуу маселеси каралып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/eki-kichinekej-balasyn-30-suukta-eshike-tashtap-kojgon-tatarstanda-tn-menen-eshikte-kalgan-1-zhashar-balanyn-abaly-t-oor



Добавить комментарий