Эки жигит кызды шаар четине алып барып кезек-кезек менен зордуктап, жол жээгине таштап кетишкен
Бөлүшүү:
Аламүдүн райондук соту кызды зордуктаган эки эркекти сегиз жылга кести. Бул тууралуу Чүй областынын прокуратурасынан жергиликтүү маалымат булактарына билдиришкен.
Аталган маалыматка таянсак, 2018-жылы эки эркек жабырлануучу кызды кезек-кезек менен зордуктаган.
“Сотто алар күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алышты. Алар кыз өз эрки менен жыныстык байланышка барганын айтты. Бирок тергөө маалында жабырлануучу кызды экөө Кой-Таш айылына алып барып уруп-сабап, бир нече ирет зордуктап, андан кийин жол жээгине таштап кетишкени белгилүү болду.Кармалгандардын күнөөсү экспертиза жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди”,-деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×