«Эйр Кыргызстан» мамлекеттик компаниясында коррупция аныкталды

25 ноябрь 2021 13:46 3127 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте коррупция үчүн Эсеп палатасынын аудитору менен инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө мамлекетке зыян келтирүү фактысы аныкталды.

Эсеп палатасынын кызматкерлери авиа компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп алышып пландык аудит маалында мамлекетке 3 миллион 160 миң 903 сомдук зыян келтирилгенин жашырып коюшкан.

Эсеп палатасынын ауидитору С.З. жана инспектору О.Ж. Кылмыш кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышты жана соттун чечими менен камакка алынышты.

Тергөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ejr-kyrgyzstan-mamlekettik-kompaniyasynda-korrupciya-anyktaldy



Добавить комментарий